Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Укук коргоочулар Жалал-Абад акимчилигине кирип алган аялдарды айыптады

Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши Жалал-Абадда "Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаттарын бошотууну талап кылган аялдардын кылган ишин мыйзам бузуу деп атады. Тартип коргоо органдарын митингчи аялдардын иш-аракетине укуктук баа берүүгө үндөдү. Конституцияга ылайык, тынч митингге чогулуу ар кимдин укугу экенин, бирок ал акция күч жана зомбулук менен коштолбошу керегин эскертти.

"Ата-Журттун" соттолуп жаткан лидерлерин бошотууну талап кылып кечээ элүү чакты аял Жалал-Абад облустук администрациянын имаратына кирип алган, азырынча чыга элек. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG