Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Талиптер 16 ооган жоокерди өлүмгө айдады


Ооган бийликтери талиптер 16 ооган жоокерди өлүм жазасына тартканын маалымдады. Бадахшан провинциясынын губернаторунун өкүлү Абдул Маруф Расктын “Азаттык” радиосуна айтышынча, талиптер дүйшөмбү күнү уурдалган жоокерлерди эртеси Вардуж районунда тындым кылган. Айыл аксакалдары жана диниятчылар сүйлөшүп жатып, араң жети жоокерди куткарып калган. Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясы буга чейин талиптерден таза деп саналчу. Талиптер Ооганстандын Пакистанга чек аралаш чыгыш жана түштүк аймактарында өздөрүн ээн-эркин сезет.

XS
SM
MD
LG