Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:58

Египет соту шайлоо жөнүндөгү декретти жокко чыгарды


Египеттин административдик соту апрелде парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу президент Мурсинин жарлыгын жокко чыгарды. Бул чечим өлкөдөгү саясый кризисти дагы тереңдетери айтылууда. Сот мындай кадамга парламенттин жогорку палатасы түзөтүүлөр киргизилген Шайлоо жөнүндөгү мыйзамды Конституциялык соттун кароосуна жибербегени үчүн барганын билдирди. Мухаммед Мурси өткөн айда парламенттик шайлоо 22-апрелден баштап, төрт айлампа менен өткөрүлсүн деген жарлык чыгарган. Египеттин негизги оппозициялык альянсы - Улуттук куткаруу фронту саясый өнөктүк ачык-айкын өтпөйт деп, шайлоону бойкот кылаарын эскерткен жана азыркы Шайлоо мыйзамы Мурсинин артындагы исламчыларга ыңгайлуу деп, жаңы мыйзам кабыл алууга чакырган. Мындай айыптоону Мурси четке каккан.
XS
SM
MD
LG