Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

АКШ менен Орусиянын дипломаттары Сирия боюнча сүйлөшүүгө чогулат


Сүйлөшүүлөр бейшембиде Лондондо болору күтүлүүдө, анда эки тарап Сирия чатагы боюнча жалпы пикирге келүүнүн жолдорун издейт деп айтылып жатат. Бул жолугушуу өткөн жума күнү эки өлкөнүн мамлекет башчылары Барак Обама менен Владимир Путин телефон аркылуу Сирия маселесин сүйлөшкөндөн кийин болуп жатат. Жолугушууга Орусия тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов менен АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Бернс катышары анык болду, ошондой эле сүйлөшүүлөрдө БУУдагы араб өлкөлөрүнүн элчиси Лахдар Брахими да болмокчу.

Сирия бийлигин курал менен жабдып жатат делген жана Сириянын деңиз базасын ижарага иштеткен Орусия Башар Асадды бийликтен кетирүү тууралуу Батыш өлкөлөрүнүн үндөөлөрүн колдоодон баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG