Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Бишкек-Ош жолу кар көчкүдөн тазаланууда


Буга байланыштуу кечээ убактылуу жабылган жол бүгүн саат алтыда бир багытка ачылды, кечке чейин толугу менен ачылат. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бишкек-Ош жолунун 138-156, 198-265-чакырымдарында кар көчкү аткылоо иштери 10-мартка чейин жүргүзүлөт, андыктан жол маал-маалы менен убактылуу жабылып турат. Кечээ Бишкек-Ош жолунун 146-чакырымында жүргүзүлгөн кар көчкү аткылоо иштеринин натыйжасында 700 миң кубметр көчкү түшүп, анын 24 миң кубметри жолго түшкөн.

Бишкек-Ош жолу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырып турган, стратегиялык магистрал. Жолдун узундугу 700 чакырым, анда төрт тоннель бар, тоннелдердин эң узуну – Кусейин Көлбаев атындагы узундугу 3 чакырым келген тоннель.(ZKo)

XS
SM
MD
LG