Ушу тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата-Журт" партиясынын камактагы лидерлеринин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралууда. Кабарчыбыздын айтымында, мындай өтүнүч менен соттолуучулардын адвокаттары кайрылды. Алар тергөө учурунда айыпталуучулар качып кетиши мүмкүн деген кооптонуу актуалдуулугун жоготконун, тергөө аяктап, иш сотто каралып жатканын жүйөө келтирди.
Бирок айыптоочу тарап үч депутат өтө оор айып боюнча соттолуп жаткандыктан алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан чыгарууга болбойт деген турумду карманууда.
"Ата-Журт" партиясынын лидер депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деп соттолууда. (BkA/RK)