Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

ӨКМ жетекчилиги Оштун кооптуу аймактарын кыдырууда


Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баштаган мекеме жетекчилиги, адистери бүгүн Ош облусунун Араван, Ноокат жана Кара-Суу райондорун кыдырып, кырсыктардын алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иш менен жеринде таанышып жүрөт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" министрликтин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

7-марттан 10-мартка чейин күндүн жылышына жана жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош, Талас облустарынын тоо этектеринде жана Бишкек, Ош шаарларында кар тез эрип, ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн экенин адистер кечээ эскерткен болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG