Кыргыз-тажик чек арасында кыргызстандык жаранга ок тийди. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн бүгүн кабарлашты.
4-мартта Лейлек районунун Разаков айылынын 22 жаштагы тургуну Нурали уулу Абдыкалык Тажикстандын аймагына өткөн учурда тажик чек арачылары анын чөнтөк телефонун алып койгону айтылууда.
Нурали уулу Абдыкалык досторун ээрчитип келип чөнтөк телефонун бергиле деп жаӊжалдаша кеткенде чек арачылар ок чыгарган. Натыйжада кыргызстандык жарандын бутуна ок тийген. Учурда ал Кулунду аймактык ооруканасында дарыланып жатканын, абалы жакшы экенин облустук бийлик айтууда.
Бул окуя боюнча эки өлкөнүн чек арачылары териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. (JsA/RK)