Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Мурдагы министр Сабировду шаардык соттон абакка алып кетишти


Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду бүгүн шаардык соттон колуна кишен салып тергөө абагына алып кетишти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады.

Анын айтымында, шаардык сот Сабировду күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу, үй-мүлкүн конфискациялоо жана жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өткөрүү өкүмүн чыгарды. Ал эми Сабировдун жардамчысы Тахир Мирзахмедов 3 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди.

Былтыр 21-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Сабировду актап чыгарган. Мирзахмедов күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылып үй мүлкүн мамлекеттин карамагына алуу чечими чыккан.

Баш прокуратура социалдык өнүктүрүү министрлигинин мурдагы жетекчилигине чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деп айып таккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сабировду 5-июлда камакка алган. 25-июлда баш коргоо чарасы өзгөрүп, үй камагына чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG