Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

ИИБ: Ошто мас окуучу банктын эшигин талкалай сүздү


Ошто мас окуучу "Азиябанктын" филиалынын эшигин автоунаа менен талкалай сүздү деп шектелүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады.

Окуя 7-мартка караган түнү болжол менен 00:30 чамасында болгону, Ош шаарынын мектептеринин биринин 11-классынын окуучусу машинаны мас болуп айдаганы айтылууда.

Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.

Банктын кызматкерлери акча уурдалбаганын айтып, кошумча маалымат берген жок. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG