Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Балетмейстр Филинге кол салууну буйруган бийчи күнөөсүн мойнуна алды


Москвадагы Большой театрдын башкы балетмейстрине кислота чачууну буйруду деп шектелип кармалган балет бийчиси андай буйрук бербегенин айтып, бирок кол салууну заказ кылганын мойнуна алды. Павел Дмитриченко бүгүн Москванын райондук сотунда: “Мен ага Сергей Филинге кислота чач деп буйруган деген сөз бүтүндөй калп. Мен эч качан андай деген эмесмин,” - деди. Атактуу театрдын көркөм жетекчиси Сергей Филиндин бетине кислота чачканын мойнуна алган Юрий Заруцкий сотто ага мындай тапшырманы Дмитриченко бергенин айткан.

Полициянын билдиришинче, Дмитриченко жакшы көргөн кызына башкы ролдор берилбегенине кыжырданып, Филинге кол салууну буйруган. Бул окуяга байланыштуу Андрей Липатов да айыпталууда. 17-январда Филиндин бетине белгисиз бирөөлөр кислота чачып, эки көзү тең жабыркап, учурда Германияда дарыланууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG