Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:15

Болгария 2007-жылкы үч жактуу келишимден чыгат


Болгар өкмөтүнүн мындай сунушун өлкө парламентинин 115 мүчөсү колдоп, 25 депутат каршы добуш берди. Айтылган келишимге ылайык, 270 чакырымдык газ кууру курулса, Орусиянын жана Каспийдин газы Болгария аркылуу Грекиянын түндүгүнө жеткирилмек. Премьер-министр Бойко Боисовдун айтышынча, 1,5-2 млрд. доллар болот делген долбоорду 2007-жылкы финансылык шарт менен аткарууга болбойт. Болгария бир жыл мурда Орусия менен Грекияга келишимди токтотууга чакырып, өзү 12 айдан соң андан чыгаарын эскерткен болчу.

XS
SM
MD
LG