Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

БУУ Түндүк Кореяга каршы санкцияны катуулатты


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын акыркы ядролук сыноосуна жооп кылып, жаңы санкция кабыл алды. Кытай жана АКШ даярдаган долбоор - эл аралык коомчулук Түндүк Кореянын баллистикалык ракетаны жана ядролук сыноону сындоосуна үндөшүп турат. Бул санкция Пхеняндын ядролук программасына керектүү материалдарды сатып алуусун жана каржылоосун дагы кыйындатат.

АКШнын БУУдагы элчиси Сюзан Райс жаңы санкция Түндүк Кореяны камоого алууну дагы күчөтөрүн, Пхенян “коркутуу жана провокация менен эч нерсеге жетпесин” билдирди. Бүгүн ырасмий Пхенян өз душмандарына “алдын ала озунуп, ядролук сокку урарын” эскертип коркуткан. Түндүк Кореянын ишенимдүү өнөктөшү Кытай жаңы санкциянын толук аткарылышын, Корея жарым аралындагы чыңалууну төмөндөтүүнү жана дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү улантууну каалайт.

XS
SM
MD
LG