АКШ бийлигинин маалыматы боюнча "ал-Каиданын" мүчөсү, террорчу деп айыпталып жаткан Сулайман абу Гейт Нью-Йоркто 8-мартта соттолот. Гейт Түркияда кармалып, Иорданияга депортацияланган, ал жактан Америкага алып келинди. АКШнын баш прокурору Эрик Холдер 2001-жылдын 11-сентябрындагы террорчулук калабага айыпталып жаткан согушкерлерге эч качан кечирим болбосун билдирди.
Усама бен Ладендин күйөө баласы Сулайман абу Гейт "ал-Каиданын" маалымат катчысы болгону да айтылып жүрөт.
Усама бен Ладендин күйөө баласы Сулайман абу Гейт "ал-Каиданын" маалымат катчысы болгону да айтылып жүрөт.