Өкмөттө айрым инвестициялык долбоорлор талкууланды. Кечээ премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүгүү банкы жана Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонд менен алдыдагы беш жыл ичинде ишке ашыра турган пландар, кызматташуу багыты талкууланды. Негизги көңүл экономиканы өнүктүрүүгө, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу жана жаратылыш ресурстарын ырааттуу пайдаланууга бурулмакчы. (RK)