Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Сыдыков: Жерге-Талдагы кыргыз мектеп Алиппесиз калды

Тажикстандан көчүп келген кыргыздардын “Арзын” коомдук бирикмеси Жалал-Абад облбийлиги менен мамлекеттик тил комиссиясына кайрылып, кыргызча окуу жана көркөм адабий китептерди топтоо үчүн марафон өткөрүүнү өтүндү. Максат - Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыз мектептер үчүн китеп топтоо экендигин бирикменин башчысы Бактыяр Сыдыков "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандагы кыргыз мектептерде окуу китеп жетишсиз. Жерге-Тал районунда өзү мурда окуган №5 кыргыз орто мектебинин мугалими анда гана жалгыз Алиппе бар экенин, окуучулар бул китепсиз калганын былтыр билдирген.

Жалал-Абадда Жерге-Талдан көчүп келген 36 этникалык кыргыз үй-бүлө жашайт . (YA/RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG