"Азаттыктын" Өзбек кызматы бүгүн билдиргендей, өзбекстандык укук коргоочу Мутабар Тожибаева Женевадагы адам укуктары боюнча эл аралык кино фестивалга катышканы келгенде 2-март күнү башка укук коргоочулар менен өзбек президентинин кызынын үйүнө барган, бирок үйдүн эшигин ачкан киши бул үй Каримовага тиешелүү эмес деп ырастаган.
Эртеси Тожибаеваны Өзбекстандын БУУдагы өкүлчүлүгүнүн арызына байланыштуу полиция бөлүмүнө чакырышты. Полиция бирок Гүлнара Каримова жетектеген өкүлчүлүк кандай арыз бергенин айткан жок.
Женеванын чет жакасындагы үйгө Тожибаева «өзбек элинен уурдалган акча кандай сарпталып жаткандыгын көргөнү баргандыгын» билдирди. Швейцариялык «Лебдо» басылмасы эки жыл мурда Өзбекстандын кызы Гүлнара Каримова Женевада дээрлик 20 миллион долларга ак сарай сатып алгандыгын жазган эле.
Мутабар Тожибаева 2005-жылдагы Анжиян кыргынына байланышкан укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн камалып, түрмөдө зордук-зомбулук көргөндөн кийин Европага качкан. jch