Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Украинада Тимошенконун таламдаштары митингге чыкты


Абактагы Тимошенконун Харьковдогу ооруканага келген жактоочулары. 8-март, 2013-жыл.
Абактагы Тимошенконун Харьковдогу ооруканага келген жактоочулары. 8-март, 2013-жыл.
Абактагы мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун 500дөй колдоочусу Аялдардын Эл аралык күнүндө ал жаткан оорукананын сыртында чогулушту. Харьковдогу оорукананын жанына жыйналгандар “Юлияга Эркиндик”, “Куттуктайбыз” деп жазылган ураандарды көтөрүп турушту.

Тмиошенконун “Батькивщина” партиясындагы депутаттардын ырастоосунда, аларга мурдагы премьерге жактоочуларынын 15 миңдей катын алып келип беришти.

Тимошенко Харьковдогу ооруканада белин дарылатууда. Ал кызматынан кыянат пайдаланган деген айып менен учурда жети жылдык түрмө жазасын өтөп жатат. Салыктан качкан, акча уурдаган деген айып менен козголгон экинчи кылмыш иши боюнча азырынча сот чечими чыга элек.

Жакындан бери Тимошенко 1996-жылы депутат жана ишкер Евгений Щербанды өлтүрүүгө буйрук берген деп да шектелүүдө. Мурдагы премьер-министр өзүнө коюлган айыптардын баарын саясий буйрук деп эсептейт. (UE)

XS
SM
MD
LG