Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Усама бин-Ладендин күйөө баласы АКШ сотунда ага коюлган айыпты четке какты


Кошмо Штаттардын Башкы прокуратурасы убагында “ал-Каиданын” басма сөз катчысы болгон Сулейман Абу Гейтти “АКШ жарандарын өлтүрүү үчүн кутумга барган” деп айыптоодо. АКШ бийликтери Абу Гейт 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттарды уюштурууга катышкан деп эсептейт.

Прокурорлор аларда муну далилдеген аудио жана видеотасмалар бар болгонун билдиришти. Баштапкы соттук угуу Нью-Йоркто жума күнү болду.

Абу Гейт камакка алынганын АКШ бийликтери бейшембиде жарыялашкан. Кабарларга караганда, ал адегенде Иорданиядан кармалып, Түркияга, андан соң АКШга жеткирилген.

Башкы прокурор Эрик Холдердин айтымында, Сулейман Абу Гейттин камалышы Кошмо Штаттар 2011-жылдын 11-сентябрындагы терракттар үчүн жоопкерлерди издеп табууну токтотпой турганын көрсөтүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG