Ушул тапта Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк жабык жыйын өткөрүп жатат. 6-мартта бул жыйында өлкөдөгү жалпы коомдук-саясий кырдаал талкууланаары айтылган. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, жыйынга Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана башка күч органдарынын жетекчилиги келди. Жыйында эмне тууралуу кеп болуп жатканы журналисттерге белгилүү эмес.
Коалициялык көпчүлүк "Ар-намыс", "Ата Мекен", КСДП фракцияларынан жана "Республика", "Ата Журт" фракцияларынын бирден депутатынан турат. (KJ/AKu)
Коалициялык көпчүлүк "Ар-намыс", "Ата Мекен", КСДП фракцияларынан жана "Республика", "Ата Журт" фракцияларынын бирден депутатынан турат. (KJ/AKu)