Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Жалал-Абадда мөөнөтсүз митинг уланууда


Жалал-Абадда “Ата Журт” фракциясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылгандар митингге чыгышты. Облустагы акцияларды уюштуруу комитетинин төрагасы Медер Үсөновдун айтымында, ага жүздөй адам катышууда жана депутаттар бошотулмайын улам чыга беришмекчи. Митинг облустук акимчиликтин алдында өтүүдө. Ал жерге мурдараак эки боз үй тигилген.

“Ата Журттун” үч депутаты өткөн жылдын 3-октябрында бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. Алар учурда тергөө абагында кармалууда. Бейшемби күнү судья айыпталуучулардын адвокаттарынын аларды үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган жок. (YA/AKu)

XS
SM
MD
LG