28-февралда Бишкекте болгон ок атышуу боюнча “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Алтынбек Арзымбаев кечээ эки айга тергөө камагына алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Кылмышка шектүү Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камалды.
6-мартта Урмат Дүйшекеев деген бишкектик жарандан түшкөн арыздын негизинде Алтынбек Арзымбаев издөөгө салынып, 7-мартта кармалган. Жабырлануучу 28-февралда Бишкекте Алтынбек Арзымбаев аттуу адам ага ок чыгарып качып кеткенин айткан. Кармалган учурда Арзымбаевдин жанынан “Ата Мекен” партиясынан Жалал-Абад облусундагы Каракөл шаарынын шаардык кеңешинин депутаты деген күбөлүк жана газ-травматикалык тапанча табылган.
Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, эки тарап бири-бирин тааныйт. Окуя болгон күнү алар чогуу жүрүп чырдашып кеткен. (AKu)