Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Башкаруучу коалиция саясий абалды талкуулады


Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынында негизинен митинг, пикет, коомдогу тартип тууралуу сөз болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” фракциясынан депутат Эркинбек Алымбеков билдирди.

Эл өкүлү Кыргызстанда өтүп жаткан митингдер, ар кандай акциялар тууралуу тиешелүү күч органдарынын маалыматын угушканын айтты. Айтылып жүргөндөй митинг уюштуруп берген атайын борборлор, чет өлкөдөн каржылоо булактары жана башка күчтөр болсо, депутаттар күч түзүмүнө аларды ашкерелөө тапшырмасын берди.

Кыргыз парламентинин коалициялык көпчүлүк бүгүн жабык жыйынга чогулган. Ал "Ар-намыс", "Ата Мекен", КСДП фракцияларынан жана "Республика", "Ата Журт" фракцияларынын бирден депутатынан турат. (KJ/AKu)

XS
SM
MD
LG