Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Айрым жолдор убактылуу жабылды

Кар, борооного байланыштуу Ош облусунун Алай районунда Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 190-240-чакырымдагы аралыгы убактылуу жабылды.

Аталган унаа жолдун 181-чакырымына туура келген Сары-Таш айылында жана Кызыл-Суу участкасындагы чек ара бекетинде тосмолор коюлуп, машинелердин каттамына чектөө киргизилди.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бүгүн эртең мененки саат 9дар чамасында Ала-Бука-Каныш-Кия-Кировка унаа жолунун 70-72-чакырымдарынын аралыгында кар көчтү. Кар көчкүнүн көлөмү 3000 метр куб. Унаа жол убактылуу жабылды, тазалоо иштери жүрүп жатат. (AKu)
XS
SM
MD
LG