Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Кытайдын жаңы лидери Орусия жана Африка өлкөлөрүнө сапарга барат


Кытайдын жаңы президенти Си Цзинпин чет өлкөгө алгачкы сапарын Орусияга жасаарын өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирет. Ишембиде тышкы иштер министри Ян Цзечи жаңы президент ошондой эле Африканын Танзания, Түштүк Африка жана Конго Республикасына дагы сапар жасаарын айтты. Коммунисттик партиянын жетекчиси Си Цзинпин ушул күндөрү Бээжинде өтүп жаткан партиянын курултайында президент деп расмий жарыяланат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Бээжин Москва менен тыгыз өнөктөштүк мамилени өркүндөтөт деген ишенимди билдирет. Кытай-Орусия соода-экономикалык багытта гана өнөктөш болбостон, бир катар эл аралык маселелерде да пикирлеш.

XS
SM
MD
LG