Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Аба ырайы: кар көчкү коркунучу бар


Шашылыш билдирүү

9-11-мартта жаанга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы Бишкек-Ош (121-137 чакырым, 198-265 чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырым), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90 чакырым, 145-150 чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100 чакырым) тоолуу автожолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты кармоо сунуш кылынат. 9-10-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде сел жүрүп, ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн. Адистер арыктарды тазалоону сунуштоодо.

Аба ырайы

10-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда күндүз кар жаайт. Унаа жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 6...11,
Талас облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз 4...9,
Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз 6...11,
Ош жана Жалал-Абад облустарында -1...-6, күндүз 7...12,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5,
Нарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5,

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8 градус, күндүз 6...8 градус болот.

XS
SM
MD
LG