Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:41

Египетте нааразылык акциялары өтүүдө


Египет соту өткөн жылы Порт-Саид стадионунда тополоң чыгарган деп айыпталгандарга акыркы чечимин чыгарды. Сот чечимине нааразы болгондор баш калаа жана башка шаарларда нааразылык акцияларына чыгышууда.

Каирде борбордук «Ал-Ахли» командасынын күйөрмандары Египеттин футбол ассоциациясынын кеңсеси менен полициянын клубун өрттөп жиберишти. Порт-Саидде болсо акциянын катышуучулары Суэц каналы аркылуу кемелердин өтүшүнө бөгөт коюуга аракеттеништи.

Буга чейин сот өткөн жылдагы тополоңдун 21 уюштуруучусун өлүм жазасына чегерген. Дагы 5 киши өмүр бою, 5 киши 15 жылга чейин абакка кесилген. 28 киши болсо акталган. Январь айында Порт-Саидде соттун алгачкы өкүмүнөн кийин тополоң болуп, анда ондогон кишилер жабыркаган. 1 жыл мурун Порт-Саид шаарынын стадионунда футболдук мелдеш маалында массалык тополоң чыгып, анда 70 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG