Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт алдындагы санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынынын жетекчисинин орун басары Самат Алиев кабарлады. Анын айтымында, ушул бейшембиде Казакстандын расмий органдары “Бишкек сүт” жана “Кант сүт” комбинаттарынан сүт азыктарын сатып алууга макулдук берди. Мындай чечим өткөн жыл аягында Бажы биримдигинин эксперттери жүргүзгөн текшерүүдөн соң кабыл алынды.
Самат Алиев белгилегендей, казак тарап Бажы биримдигинин эксперттери текшерген 11 ишкананын ичинен Ысык-Көлдөгү “Ак жалга” жана Таластагы “Эмиля” ишканаларынан сүт сатып алуудан толугу менен баш тартты. Ал эми 7 ишкана кайрадан текшерилет.
Казакстан Кыргызстандан өткөн жылы октябрь айынан тарта сүт алууну токтоткон. Буга Кыргызстанда малдын башын идентификациялоо мыйзамы жоктугу жана өлкөдөгү санитардык-ветеринардык абалдын начардыгы себеп болгону айтылган. (BkA)