Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Жалал-Абадда митинг өтүп жатат


Жалал-Абадда “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылгандар бүгүн да нааразылык акциясын улантты. Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, ушул тапта облустук акимият алдында 70ке чукул адам митинг өткөрүп жатат. Митингге чыккандар депутаттар бошотулмайын акциялар улана берээрин айтууда.

“Ата-Журттун” үч депутаты өткөн жылдын 3-октябрында бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Бейшемби күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту айыпталуучулардын адвокаттарынын аларды үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган эмес. (YA/BkA)

XS
SM
MD
LG