Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

Мьянмада оппозициялык партияга жаңы лидер шайланды


Мьянманын мурдагы баш калаасы Янгондо өткөн «Демократия үчүн улуттук лига» партиясынын съездинде жаңы лидер шайланып, 2015-жылы өтчү шайлоого даярдык көрүү жарыяланды.

67 жаштагы Аун Сан Су Чжи жаш активисттерди өлкөнүн саясий турмушуна активдүү катышууга үндөдү. Мьянмадагы аскерий режим бийлеп турган соңку 24 жылдын көпчүлүгүн Аун Сан Су Чжи үй камагында өткөргөн. Былтыр гана 21 жыл мурда ыйгарылган Нобел Тынчтык сыйлыгын Норвегияга келип алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Соңку кезде Мьянмада саясий реформалар жүрүүдө. 2012-жылы оппозициялык «Демократия үчүн улуттук лига» парламенттик шайлоого катышып, 43 орунга ээ болгон. Учурдагы парламентте өлкөнүн аскерий жетекчилигинин колдоосуна ээ болгон партия көпчүлүк мандатка ээ.

XS
SM
MD
LG