Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Шаардык кеңеш депутаттары кезексиз жыйынга чогулат


Бүгүнкүгө чакырылган шаардык кеңештин кезексиз жыйынында борбор калаанын мэри Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө маселеси каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык кеңештеги “Республика” фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев кабарлады.

"Республикачы" депутаттын айтымында, учурда шаардын күнүмдүк жашоосун камсыз кылуу өтө оор абалда, мэрия депутаттардын айтканын укпай, быйылкы жылдын бюджетин кабыл алууну создуктуруп жатат. Мындан улам өткөн аптада шаардык кеңештеги “Республика” фракциясы кезексиз жыйын чакыруу демилгесин көтөрүп, расмий сунуш шаардык кеңештин төрагасына жөнөтүлгөн. Мындай сунуштун негизинде 11-мартта кезексиз жыйын чакырылаарын шаардык кеңеш төрагасы Марат Аманкулов тастыктаган болчу.

Ал эми Иса Өмүркулов депутаттардын дооматтарын четке кагып, анын кызматтан кетишин талап кылууга олуттуу себеп жок экенин билдирип келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG