Пакистандын полициясы Лахор шаарындагы христандар жашаган аймакка жасалган кол салуу боюнча 150гө жакын адам камалганын кабарлады. Буга чейин шаардагы Бадам Бог деп аталган христиандар жашаган бөлүгүнө мусулмандар тарабынан кол салынып, андан 180ге жакын турак-жай, дүкөн өрттөлгөнү кабарланган. Кол салуудан каза тапкандар тууралуу маалыматтар жок. Кол салуу Мухаммед пайгамбарга акараат келтирген жергиликтүү тургунга кыжырданган мусулмандар тарабынан жасалганы айтылууда. Жергиликтүү полициянын расмий өкүлү Рай Тахир күнөөлүүлөрдү кармоо уланып жатканын билдирди. Жекшембиде Лахор жана Карачи шаарларындагы миңдеген христиандар коопсуздукту күчөтүүнү талап кылышып, нааразылык акцияларын уюштурушкан.