Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Жалал-Абадда митинг өтүп жатат


Жалал-Абадда “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылгандар бүгүн да нааразылык акциясын улантып жатышат. Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, ушул тапта облустук администрациянын алдында 500гө чукул адам чогулду. Митингге чыккандар депутаттар бошотулмайын акциялар улана берээрин айтууда.

“Ата-Журттун” үч депутаты өткөн жылдын 3-октябрында бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Өткөн аптада Бишкектин Биринчи май райондук соту айыпталуучулардын адвокаттарынын аларды үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган эмес. (YA/КЕ)

XS
SM
MD
LG