Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:26

Бишкек жолдорунун сапатсыз оңдолушун текшерүү сунушталды


Мындай сунушту бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында “Республика” фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев көтөрдү. Анын айтымында, акыркы 3 жыл ичинде жолду оңдоого 1 млрд. сом, жыртык-тешигин бүтөгөнгө 80 млн. сом бөлүнгөн. Депутат жаңы курулган жолдун 3 айга да чыдабай жатканын сынга алды. Ошондой эле сапаты начар болгонуна карабай жол куруу боюнча тендерден бир эле компания кайра-кайра жеңүүчү болгонун текшерүүнү сунуштады.

"Ордо калаабыздын абалы өтө начар. Бардык чөйрөлөрдө жемкорлук гүлдөп атат. Кызматка тааныштарын алып, паракорчулукка малынган. Аткаруу бийлиги төмөнкү деңгээлде. Мэрия демилгелери мааниге эмес, популизмге толгон. Ал эми Бишкектин Башкы планынын нускамасы совет мезгилинен бери пайдаланылып келет. Планды иштеп чыгууга 20 миллион сом талап кылынат, ал эми шаардагы жер үлүштөр он эсе кымбат сатылып жатат," - деди Жээнчороев.

Бүгүн шаардык кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, “Республика” фракциясынын мэр Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө сунушун карап жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG