Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Бишкек мэри өзүнө ишеним көрсөтпөөгө негиз жоктугун айтты


Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаардык кеңештин бүгүнкү кезексиз жыйынында билдирди. “Мыйзам чегинде карай турган болсок, мага ишеним көрсөтпөөгө негиз жок. Мен эч кандай чоң кылмыштарды жасаган эмесмин. Депутаттар өз укугун колдонуууда. Балким бул шаардык кеңештин шайлоого даярдыгы болушу мүмкүн,” - деди Бишкек мэри.

Шаардык кеңеш бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, “Республика” фракциясынын мэрге ишеним көрсөтпөө сунушун карап жатат. Анда депутаттар мэрге 3 ай мөөнөт берүүнү, ал эми вице-мэр Виктор Красиенкону, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын, атаандаштык саясаты, капиталдык курулуш башкармалыктарынын жетекчилерин кызматынан бошотууга 3 күн мөөнөт чегерүүнү сунуштап жатышат. (КЕ/AKu)

XS
SM
MD
LG