Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Казакстанда эколог жигитти атып кетишти


Алматынын четиндеги токойду сактоо үчүн күрөшүп жүргөн Нурлан Өтеулиевди белгисиз бирөөлөр атып кетти. Анын денеси жекшемби күнү табылганын маркумдун бир тууганы Сания Кандиева “Азаттыкка” тастыктады. Кандиева бир тууганы экологиялык ишмердигине байланыштуу өлтүрүлгөн деген ишенимде. Нурлан Өтеулиев “Табият” коомунун мүчөсү болчу жана Алматынын четиндеги Карасай аймагындагы токойду жок кылууга каршы акциялардын активдүү катышуучусу эле. Карасай райондук милициясы эколог жигиттин өлүмү боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG