Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши “Республика” фракциясынын мэр Иса Өмуркуловго ишеним көрсөтпөө сунушун колдогон жок. Бул сунушка республикачы 11 депутаттан башкасы добуш берген жок. Жыйынтыгында коалициялык көпчүлүк өзүнчө токтом кабыл алып, анда мэрге 3 ай мөөнөт берди. Ага ылайык, үч айдын ичинде мэр үч жылда жасаган иши тууралуу отчет берип, азыркы кырдаалды аз да болсо оңдошу керек. Ошондой эле айрым муниципалдык кызмат жетекчилери менен бирге вице-мэр Виктор Красиенкону кызматтан алуу сунушталды. Эгер бул сунуштар аткарылбаса шаар жетекчисине ишеним көрсөтпөө демилгесин коалициялык көпчүлүк көтөрүп чыгат.
Өткөн аптада шаар мэри Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө маселесин талкуулоо үчүн кезексиз сессия чакыруу демилгесин шаардык кеңештеги “Республика” фракциясы көтөргөн. "Республикачы" депутаттар буга шаар каралбай калганы, ири суммадагы каражат бөлүнсө да шаардын жолу сапатсыз салынып жатканы буга себеп болгонун белгилеп жатышат. Ал эми мэр Иса Өмуркулов өзүнө ишеним көрсөтпөөгө эч кандай негиз жок экенин билдирүүдө.(КЕ/AKu)