Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

“Парламентти таратуу үчүн” кыймылы аймактарга аттанат


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын төрагасы Мирослав Ниязов кабарлады. Анын айтымында, кыймылдын буга чейин Жогорку Кеңешти таратуу боюнча талабы аткарылбай жатат. Ошондуктан кыймыл мүчөлөрү 15-марттан тарта өлкө аймактарын кыдырып, учурдагы парламенттик системаны өзгөртүү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Кыймыл андан соң борбордо нааразылык акцияларын баштоону көздөөдө.

Курамына 5 партия жана 5 коомдук уюм кирген “Парламентти таратуу үчүн” кыймылы февралдын башына Жогорку Кеңеш өзүн өзү таратсын деген демилге менен чыгып, 15-мартка чейин убакыт чектеген.(BkA)

XS
SM
MD
LG