Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Ооганстанда апийим өстүрүү былтыр 18 пайызга көбөйгөн


Орусиянын маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын башчысы Виктор Иванов дүйшөмбү күнү Венада Улуттар уюмунун маң заттары боюнча комиссиясында сүйлөп, былтыр 154 миң гектарга апийим айдалганын, 2014-жылы негизги эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийин героин өндүрүшү Ооганстанда кескин өсөөрүн эскертти. Анын айтымында, 2001-жылы чет элдик аскерлер Ооганстанда терроризмге каршы операция баштагандан бери дүйнөдө ооган апийиминен 1 миллиондолн ашык адам өлдү. Ал 12 жылда аткезчилик жолдор менен ооган апийими 1 триллион долларга сатылганын да белгилей кетти.

XS
SM
MD
LG