Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

Укук коргоочу Токтонасыров БУУга нааразылыгын билдирди


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн алдында беткап кийип, нааразылык акциясын өткөрдү. Токтонасыров уюмдун укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө нааразылыгын билдирип, Кыргызстан үчүн маанилүү иштерге көмөктөшүүнү талап кылууда.

"БУУ адам укугунун корголушу боюнча кооз сөздөрдү айтканы менен иш жүзүндө кош стандарттуулук бар, укук коргоо багытында эч бир алгылыктуу иш жасабай жатышат. Эмне себептен күнөөлүү деп шектелген Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшпөйт?", - дейт Токтонасыров.

Буга чейин Өндүрүш Токтонасыров Бакиевдерди жазага тартуу үчүн кайтарып берүүнү талап кылып, Беларус элчилигинин алдына бир нече жолу нааразылык акцияларын өткөргөн болчу. (BkA/JAk)

XS
SM
MD
LG