Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Ватиканда жаңы понтификти шайлашат


Бүгүн Ватиканда 48 өлкөдөн келген 115 католик диниятчы-кардиналдар Рим католик чиркөөсүнүн башчысы, жаңы понтификти шайлоо үчүн конклав деп аталган жыйынга чогулушат. Алар жашыруун добуш берүү үчүн Рим убактысы боюнча түшкө жуук Ватикандын башкы чиркөөсүнө киришет. Учурда папалыкка татыктуу талапкерлер катары Италия чиркөөсүнөн Анжело Скола жана бразилиялык кардинал Одила Шерер аталууда. Бул талапкерлер папалыкка шайланышы үчүн 115 диниятчынын 77синин колдоосуна ээ болушу керек.

Добуш берүү башталганда Ватиканда чогулган элге кабар берүү үчүн чиркөөдө от жагылып, мордон түтүн чыгат. Жөрөлгөлөргө ылайык, эгер жаңы понтифик шайланса чиркөөдөн ак, шайланбай калса кара түтүн чыгат.

Мурдагы Рим папасы 85 жаштагы Бенедикт XVI өткөн айдын башында мындан ары тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөдө чиркөөнү башкарууга “күч кубаты жетпей жатканын” айтып, кызматтан баш тарткан. Ал Ватикандын тарыхында 1415-жылдан бери тирүү кезинде эс алууга кетип жаткан алгачкы понтифик болду.

XS
SM
MD
LG