Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

АКШ ооган президентинин айыптоосун четке какты


Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни Хамид Карзайдын Кошмо Штаттар Талибан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат деген пикирин жаңылыш деп билдирди. Жекшембиде Карзай талибдердин акыркы кол салуулары менен 2014-жылы Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийин өлкөдө кырдаал курчуй турганын оогандарга Талибан да, Кошмо Штаттар да каңкуулап жатат деп билдирген. Ошондой эле ооган президенти АКШ өкмөтү Талибан менен Катар мамлекетинде дээрлик “күн сайын” сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат деп ырастаган.

Карни бул билдирүү боюнча Кошмо Штаттардын коргоо министри Чак Хагел Кабулдагы сапары учурунда Карзай менен сүйлөшкөнүн да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG