Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Түркия: Күрт сепаратисттери туткундагы аскерлерди бошотот


Тыюу салынган Күрт жумушчулар партиясынын (ПКК) жана расмий Анкаранын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, күрт сепаратисттери туткундагы түркиялык бир нече аскер жана мамлекеттик кызматкерге боштондук бермей болду. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Түркиянын ички иштер министри Муаммар Гүлер билдирди. Гүлердин айтымында, Ирактын түндүгүндө кармалып жаткан туткундар бүгүн бошотулушу керек. Маалыматтарга ылайык, күрт согушкерлери алты аскерди, бир офицерди жана мамлекеттик кызматкерди кармап турушат. Өткөн айда Түркияда Күрт жумушчулар партиясынын камактагы лидери Абдулла Ожалан түрк бийликтери менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында, өз тарапкерлерин туткундагы аскерлерди бошотууга чакырган.

Тыюу салынган Күрт жумушчулар партиясы Түркиянын түштүк-чыгышында Күрт автономиясына жетүү үчүн куралдуу күрөш баштаган 1982-жылдан берки кагылыштарда 30 миңден ашуун адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG