Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев кечээ кечинде Коомдук биринчи телеканалдагы маегинде билдирди. “Кытайда он жыл сайын элита алмашып турат, а бизде болсо 1995-жылда саясатта жүргөн элита дагы эле алмаша элек ”, - деди Атамбаев. Ал президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин жаңы элитаны түптөөгө салым кошоорун айтып, саясаттагы жаңы жүздөр келерки парламенттик шайлоодо пайда болот деген ишенимде турганын кошумчалады. Атамбаев билимдүү жаштардын көпчүлүгү чет өлкөгө кетип калышканын белгилеп, аларды да өлкөгө чакыруу зарылдыгын айтты. (JAk)