Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

Ооганстанда тик учак кыйрап, НАТО беш аскерин жоготту


Ооганстандын түштүгүндө тик учак кыйрап, чет элдик беш аскер набыт болду. НАТОнун билдиришинче, дүйшөмбү күнкү бул кырсык “душманчылыктын натыйжасы” болгонун күбөлөгөн эч кандай белгилер жок. 11-мартта Вардак провинциясында ооган армиясынын формасын кийген адам эки америкалык аскерди жана ооган коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкерин атып салган. Кечээ эртең менен АКШ коргоо министри Чак Хагелдин Ооганстандагы биринчи катаал визити аяктады. Ал аскерлер менен жыйын куруп жатканда чукул жерде жанкечти бомба жардырды жана президент Карзай менен сүйлөшүүсү курч маанайда өтүп, аягында пресс-конференция болгон жок.

XS
SM
MD
LG