Нью-Йорктун соту жарым литр жана андан чоң көлөмдөгү газдалган шире ичимдиктерин шаарда сатууга тыйуу салууга уруксат берген жок. Соттун чечими шаар мэри Майкл Блумбергдин ашыкча салмакка каршы күрөшүү аракетин жокко чыгарат. Ал кафе-ресторандарда, күркөлөрдө, кинотеатр жана башка жерлерде жарым литрден чоң көлөмдө газдалган шире ичимдиктерин сатууну бүгүндөн баштап тыйып, тартипти бузуучуларга июндан тарта 200 доллар айып салганы жаткан. Анын зарылдыгын: “Быйыл Америкада ашыкча салмактан 70 миң адам өлөт. Нью-Йоркто 5 000 адам өлөт. Мыкты илимпоздор канттуу ичимдиктер ашыкча салмакка алып барарын айтышууда. Кээ бир адамдар ушул проблема жөнүндө гана сүйлөшүп, алдын ала маалымдоо кырдаалды өзгөртөт деген үмүттө. Бирок сөз менен үмүт жетишсиз”, – деп түшүндүрдү Блумберг.
Суусундук чыгарчу компаниялар жаңы мыйзам керектөөчүнүн эркиндигин бузат деп, сотко кайрылышкан эле.
Суусундук чыгарчу компаниялар жаңы мыйзам керектөөчүнүн эркиндигин бузат деп, сотко кайрылышкан эле.