Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Рим-католик чиркөөсүнүн Папасын шайлоо башталганы калды


Бүгүн Ватиканда Рим-католик чиркөөсүнүн башчысын шайлоо жөрөлгөсү ортолук Европа убактысы боюнча саат төрт жарымда башталат. Добуш берүү укугу бар 115 кардинал Сикстин ибадатканасына камалып, купуя шартта жаңы Папаны шайлашканча ал жактан чыгышпайт.

Жараян башталар алдында диниятчылар кутпа окушту жана Кардиналдар коллегиясынын деканы, кардинал Ангело Содано католиктерди биримдикке үндөдү.

Италиялык Ангело Скола жана бразилиялык Одилио Шерер күчтүү талапкерлер экени айтылууда. Папа болуш үчүн талапкер 77 добуш алуу керек. Сырттагылар добуш берүүнүн жыйынтыгын Ватикандын морунан чыккан түтүндүн өңүнө карап билишет. Кара түтүн жаңы Папа шайлана элегин, ак түтүн Бенедикт XVI мураскери шайланганын жышааналайт.

85 жаштагы Бенедикт февралдын аягында өз ыктыяры менен Папалыктан кеткен. Бул акыркы 600 жылда көзү тирүүсүндө тактыдан кеткен биринчи Папа болду.

XS
SM
MD
LG