Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Сеул Пхеняндын кадамын “психологиялык кысым” деп баалады


Бүгүн Түндүк Кореянын негизги өкмөттүк гезити - “Родонг Синмун” 11-мартта Пхенян 1953-жылкы Корея согушу убактылуу токтогонун ырастаган келишимди жокко чыгарганын маалымдады. Бирок Түндүк Корея бул жөнүндө расмий түрдө жарыялай элек. Улуттар уюму болсо Түндүк Корея 1953-жылкы келишимден бир тараптуу чыгып кете албасын эскертти.

Пхенян непада АКШ жана Түштүк Корея пландалган аскерий маневрду баштаса эле келишимден чыгарын эскертип жүргөн. Пхенян дүйшөмбү күнү аскердик машыгуу башталар менен Түндүк жана Түштүк Корея байланыш үчүн колдогон Кызыл Кресттин түз телефон линиясын үздү.

Түштүк Кореянын билдиришинче, Түндүк Корея 60 жыл мурдакы келишимди жокко чыгарганын жана дагы башка коркутууларын Сеулда “психологиялык кысым көрсөтүү” деп билишет.

12-февралда Пхенян үчүнчү ядролук сыноону өткөргөндөн бери Корея жарым аралындагы абал осолдоп кеткен. Ал сыноого жооп кылып, өткөн аптада Улуттар уюму Түндүк Кореяга жаңы санкция киргизген. Түштүк Корея аскерлерин күжүрмөн абалга өткөргөн.

XS
SM
MD
LG