Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

“Кыргызстанды сактоо” кыймылы курултай өткөрөт


Аталган оппозициялык кыймылдын төрагасы Мукар Чолпонбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, курултай Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтөт. Анда Кумтөр боюнча митингде камакка алынган депутаттарды бошотуу, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген кендерди казууну токтотуу, Кумтөр боюнча мыйзамсыз келишим түзгөн аткаминерлерди жоопко тартуу талаптары коюлат. Курултайга кыймылдын аймактардан келген мүчөлөрү жана жогорудагы талаптарды колдогон бардык саясий күчтөр катышат.

Чолпонбаев курултай учурунда мыйзамсыз аракеттерге, башаламандыкка жол берилбестигин билдирди.

Курултайдын алдында шейшембиде Бишкек мэриясы жана шаардык милициянын жетекчилери жыйын куруп, коопсуздук чараларын талкуулашкан. Анда курултай учурунда тартипти камсыз кылуу үчүн миңдей милиция кызматкери жана үч миңдей элдик кошуундун өкүлдөрү тартылаары маалым болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG