Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Акыйкатчы бийлик менен оппозицияны диалогго чакырды


Акыйкатчы Турсунбек Акун "бийлик жана оппозициянын тиреши күчөп, өлкөдөгү абалга терс таасирин тийгизбеши үчүн" аларды диалогго чакырды. Бул үчүн өзү ортомчу катары чыгып, сүйлөшүүлөрдү уюштура турганын билдирди. Акундун айтымында, учурда эки тарап тең катышкан тегерек стол талкуусун өткөрүү үчүн даярдык жүрүп жатат жана бийлик менен оппозициянын өкүлдөрү буга катышууга алдын-ала макулдугун беришти. Тегерек стол апрел айынын алгачкы күндөрү өтүшү мүмкүн.

Буга чейин Кыргызстандагы 10го жакын саясий партия президентке жана бир катар бийлик өкүлдөрүнө, оппозиция лидерлерине кат жолдоп, эки тарапты диалогго чакырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG